Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Өтүп бара жаткан жылда Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтык ийгиликтүү өнүктү. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык кеңейип, ар түрдүү тармактарда ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу улантылды.

2020-жылы Россия менен Кыргызстан „кайчылаш жылын“ өткөрүүгө өзгөчө маани беребиз. Мындан ары өнөктөштүктү бекемдөө биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берип, Евразиялык экономикалык биримдиктеги интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга өбөлгө түзөт деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө жаңы ийгиликтерди, Кыргызстандын дос элине — тынчтык жана бакубатчылык каалайм», — деп белгиленет Дмитрий Медведевдин куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 31-декабрь