Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён Президент Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады

Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сизди эски жыл аяктап, кирип келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктоого уруксат этиңиз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сиздин Корея Республикасына жана жеке мага көрсөткөн баа жеткис колдооңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Кирип келе жаткан Жаңы жылда Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө бардык жакшылыктарды каалайм», — деп айтылат кутттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 31-декабрь