Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жазды сүйүнчүлөгөн, боордоштук, тынчтык, бакубатчылык жана тилектештиктин символу болуп, кылымдарга созулган ортоктош салтыбыз — Нооруз майрамына байланыштуу Сизди жана боордош кыргыз элин түрк элинин жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктайм.

Ноорузду Балкандардан Жакынкы Чыгышка, Анадолудан Борбордук Азияга чейин созулган кеңири бир чөлкөмдө шаңдуу түрдө майрамдап келебиз. Нооруздун шарапаты менен тынчтык, сүйүү жана боордоштук тилектерибизди бүткүл дүйнөгө таркатабыз.

Нооруз майрамы биздин өлкөлөрүбүзгө жана аймагыбызга гана эмес, бүткүл адамзатына, бакубаттуулук жана тынчтык алып келишин чын дилимден каалайм.

Учурдан пайдаланып, Сизге ден соолук, бакыт жана ийгилик, ал эми дос жана боордош кыргыз калкына бакубат жашоо жана амандык тилеймин», — деп белгиленет Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоосунда.

2020-жыл 21-март