Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БАЭ Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди Орозо айт майрамы менен куттуктоо жана чын жүрөктөн болгон каалоолорумду сизге  билдирүү мен үчүн абдан кубанычтуу. Жараткан Алладан суранаарым, бул майрам Сизге бакыт, бекем ден соолук тартууласын. Араб жана ислам элдерине жакшылык жана молчулук алып келсин», — деп айтылат БАЭ Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 23-май