Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу финансы жана экономика кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Элибиздин турмуш деңгээлин жакшыртуу — экономиканы өнүктүрүүдөн жана анын технологиялык структурасын жаңылоодон көз каранды, ал эми  жашоо сапатын  жогорулатуу  финансы чөйрөсүнүн натыйжалуулугу жана ачыктыгы менен тыгыз байланышкан.

Ушул максаттарды ишке ашыруу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары аныкталган.

Өлкөбүздүн финансылык жана экономикалык туруктуулугун камсыздоого багытталган сиздердин жогорку кесипкөй эмгегиңиздерди коомубуз жогору баалайт.

Бул маанилүү милдетти аркалоо — сиздерден абийирдүүлүктү, Мекенге берилгендик менен кызмат кылууну талап кылат. 

Биргеликте жасалган аракеттер менен алдыга коюлган асыл максаттарга жетебиз деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакты-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

2020-жыл 6-июнь