Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Египеттин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Египеттин Революция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Революция күнү менен куттуктады.

«Сизди       Египет Араб Республикасынын улуттук майрамы — Революция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз Республикасы менен Египет Араб Республикасынын кызматташуусу эки элдин бакубаттуулугу үчүн мындан ары да өнүгө берет деп ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Египеттин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Египет элине тынчтыкты, гүлдөп өсүүнү жана учурда дүйнөнү каптаган илдеттен тез арада арылууну каалады.

2020-жыл 23-июль