Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бирикккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Бирикккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди ыйык Курман Айт майрамы (Иъйд Ал Адха) менен куттуктоо мен үчүн абдан жагымдуу жана Сизге чын дилден чыккан каалоолорумду билдирем. Кудуреттүү Аллахтан суранарым ушул айда Сизге, ошондой эле араб жана ислам элдерине жакшылык, өсүп-өнүгүү, бакыт жана чың ден соолук алып келсин», — деп айтылат Бирикккен Араб Эмираттарынын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-июль