Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Оман султаны Хайсам бин Тарик Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Оман султаны Хайсам бин Тарик Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

Ыйык Курман айт (Эйд Аль-Адх) майрамынан улам Сиздин Улуу Урматыңызга чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду билдирүүгө уруксат этиңиз. Сиздин Улуу Урматыңызга бакубат жашоо, ал эми Кыргызстан элине андан аркы ийгиликтерди жана өсүп-өнүгүүнү каалайм. Ылайым кудуреттүү Алла Таала ыйык майрамдын аркасынан ислам жамаатын даарып, бакыт ыроолосун», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-июль