Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Президенти Ариф Алвини Пакистандын улуттук майрамы — Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августта Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алвини жана Пакистан элин Пакистан Ислам Республикасынын улуттук майрамы — Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Бизди тарыхый жана маданий жакындыкка негизделген салттуу достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташтык байланыштырып турат.

Ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн зор дараметке ээ болгон кыргыз-пакистан мамилелери эки элдин бакубаттуулугу үчүн мындан ары да өнүгөрүнө терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Ариф Алвиге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми Пакистан элине тынчтык жана өнүүгү каалады.

2020-жыл 14-август