Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезия Президенти Жоко Видодону Индонезиянын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта, Индонезия Республикасынын Президенти Жоко Видодону Индонезия Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан Индонезия Республикасы менен достук мамилелерди жогору баалайт жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биргелешкен күч-аракеттер менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер бекемделе берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Жоко Видодого чын ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Индонезия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

2020-жыл 17-август