Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Эки боордош элдин кылымдардан бери келе жаткан достукка негизделген ынак коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

2020-жыл 16-декабрь