Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык жана боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалаймын», — деп белгиленет Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-декабрь