Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сиздерди келе жаткан 2021-жыл — Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы менен чын дилимден куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, кубаныч, бардык ишиңизге албан ийгиликтер, ал эми боордош элге тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл баарына бакыт жана бакубатчылык алып келсин!», — деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

2020-жыл 31-декабрь