Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү салттарына негизделген өнөктөштүк мындан ары дагы эки өлкөнүн достугу үчүн чыңдалып, жигердүү өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Талант Мамытовго чың ден-соолук, бакыт-таалай, бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп- өнүгүү каалады.

2020-жыл 31-декабрь