Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Румыния Президенти Клаус Вернер Йоханнис Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Румыниянын Президенти Клаус Вернер Йоханнис Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясында сунушталып жаткан туруктуу өнүгүүнү колдоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, Румыния менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер мындан ары өнүгөт деген өзүмдүн ишенимимди билдиремин. Мындан сырткары, Кыргызстан укуктук мамлекетти бекемдөө жана коомдогу туруктуулукту жогорулатуу боюнча реформаларды уланта берет деп ишенемин», — деп айтылат Румыния Президентинин куттуктоосунда.

2020-жыл 31-декабрь