Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады.
«Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Кыргызстанга ар дайым саясий туруктуулукту жана мыйзамдуулукту каалайт. Кыргызстан президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп, өнүгүү жолуна ишенимдүү киришет деген ишенимдемин», — деп белгиленет Багдад Амреевдин куттуктоосунда.