Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Австралия Генерал-губернатору Дэвид Хёрлини Австарлия күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Австралия Союзунун Генерал-губернатору Дэвид Хёрлини Австралия күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Австралия Союзунун ортосундагы достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда мындан ары да өнүгө берерине терең ишенем. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Австралия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 26-январь