Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Швейцариянын Президенти Ги Пармелен Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ги Пармелен Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Швейцария менен Кыргыз Республикасы бардык дипломатиялык деңгээлдерде тыгыз жана конструктивдүү диалогду жүргүзүп жатышат. Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди бекем сактоого чечкиндүүлүгүмдү билдирем жана буга чейин эки тарапты кызыктырган тармактарда жетишилген натыйжалар мындан ары дагы чыңдалып, өнүгө берет деп ишенемин. Швейцария мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүндө өнөктөш болуп кала берет», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 5-февраль