Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Марокко Королу Мохаммед VI Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Марокко Королу Мохаммед VI Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Марокко Королдугу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жемиштүү кызматташууга жана жигердүү тилектештикке канааттангандыгымды билдиргим келет. Эки элдин жыргалчылыгы үчүн Сиздер менен ар кайсы чөйрөдөгү байланыштарыбызды чыңдап, аларды кеңейтүү үчүн кызматташууну күтөмүн», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 5-февраль