Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нидерланд Королу Уильям-Александр Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Нидерланд Королу Уильям-Александр Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Сиздин ушул кызматта турган мезгилде биздин өлкөлөрдүн ортосундагы конструктивдүү мамилелер биздин элдерибиздин жыргалчылыгы жана гүлдөп-өсүшү үчүн мындан ары дагы өнүгө берет деп ишенемин. Сиздерге акылмандыкты жана алдыдагы маанилүү милдеттерди чечүүдө ийгиликтерди каалаймын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 5-февраль