Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.
«Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле Бишкек шаарынын, бүткүл Борбордук Азия аймагынын жана Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелердин кеңири маанисинде мындан ары дагы бекемдөөгө үмүтүмдү билдиремин», — деп айтылат куттуктоодо.