Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Польша Президенти Анджей Дуда Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Анджей Дуда Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Сизге бакубатчылык жана миссияңызды ишке ашырууга көптөгөн ийгиликтерди каалаймын. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерибиздин мындан аркы ийгиликтүү өнүгүшүнө кызмат кылууда Сиздер менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума кубанычтамын. Польша учурда Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуяларга көңүл буруу менен карайт. Кабыл алынып жаткан иш-аракеттер демократия принциптерине жана мыйзам үстөмдүүлүгүнө дал келет. Кыргыз Республикасы Польшанын жана Европа Бирлигинин туруктуу өнөктөшү бойдон кала берет деп ишенемин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 5-февраль