Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравия Королу Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Сауд Аравия Королу Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Биздин боордош өлкөлөрдүн өнүгүп жана гүлдөп-өсүшү үчүн эки тараптуу мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзө турган бардык алакаларга кызыкдар экенибизди тастыктайбыз», — деп белгиленет куттуктоодо.

Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан ары гүлдөп-өсүнүү каалады.

2021-жыл 5-февраль