Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

САКтын мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Сауд Аравия Королдугунун мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланганыңызга байланыштуу өлкөңүзгө жана боордош элибизге мындан ары өнүгүү үчүн чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жибергениме кубанычтамын», — деп айтылат куттуктоодо.

2021-жыл 5-февраль