Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Финляндиянын Президенти Саули Ниинистё Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Финляндия Республикасынын Президенти Саули Ниинистё Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганыңызга байланыштуу Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине куттуктоо сөздөрүн жолдоймун. Ошондой эле бул жогорку кызматта ийгиликтерди каалаймын. Менин жогорку урматтоомду жана ишенимимди кабыл алыңыз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 5-февраль