Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүзгө кубанычтамын. Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан кызматташуу мындан ары да өз ара сый-урматтоонун негизинде өнүгө берет деп ишенемин. Венгрия Өкмөтү биздин өз ара кызматташуубузду тереңдетип жана Түрк Кеңешиндеги биргелешкен иштерди ийгиликтүү уланта бермекчи», — деп белгиленет куттуктоодо.

2021-жыл 5-февраль