Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Нооруз майрамы бүткүл адамзаттын маданий мурастар байлыгынын ажырагыс бөлүгү катары таанылган, жаратылыштын кайра жаралуусун, жашоонун жана жаз сулуулугунун символу.
Өз ара сый-урматтын, тынчтыктын жана ынак коңшулук салттарын ичине камтыган бул майрам элдердин ортосундагы биримдиктин жана достуктун чыңдалышында өзгөчө мааниге ээ», — деп белгилейт Түркмөнстандын Президенти куттуктоосунда.