Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась Президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Зась Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы ЖККУнун алкагында аймактык коопсуздукту бекемдөөгө жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту. Уюмга мүчө- мамлекеттер Кыргызстандын ЖККУнун алкагында союздаштык алакаларды чыңдоого жана регионалдык эл аралык аянтчаларда өлкөлөрдүн күч-аракеттерин координациялоо демилгесин жогору баалашат», — деп белгиленет куттуктоодо.

Станислав Зась Садыр Жапаровго ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

2021-жыл 21-март