Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ТТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз — түрк элдеринин орток баалуулугу.  Бул майрам эки элдин ортосундагы боордоштук жана достук мамилелерди бекемдеп, мындан ары өнүгүүгө жол ачат.

Биздин мамилелерибиз биргелешкен күч-аракеттерибиздин натыйжасында ырааттуу улана берерине чын дилимден ишенем. Ага эки элдин байыртадан эле бири-бирин колдоп, ынтымакта жашап келгени түрткү болмокчу», — деп белгиленет Багдад Амреевдин куттуктоосунда.

2021-жыл 21-март