Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28- ноябрында кабыл алынган.

Бүткүл дүйнөлүк банктын «Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо» программасы инклюзивдик өсүү боюнча макрофискалдык негиздер, мамлекеттик сектордо ачык-айкындыкты жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү жана ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу тармактарда мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн реформаларын колдоого багытталган.

Бул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына 24 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын 12 миллион доллары гранттык жардам жана 12 миллион доллары кредит катары берилет.

Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2018-жыл 4-декабрь