Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 141,5 млрд. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 154,1 млрд. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 12,6 млрд. сом суммасында белгиленди.

2018-жылга республикалык бюджеттин параметрлери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын, ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен кайра каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 27-декабрь