Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзамдын максаты — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин негизги параметрлерин тактоо.
Ушул багытта кабыл алынган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети кирешелер боюнча 14 818,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 14 340,5 млн. сом суммасында бекитилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.