Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен Эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен Эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.

Макулдашууда Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык биримдиктер менен эл аралык келишимдерди түзүү, алардын колдонулушун токтотуу жана убактылуу токто туруу тартибин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 25-февраль