Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын кабыл алынуусу Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу жана Кылмыш-жаза кодекстеринин кээ бир ченемдерин мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге ылайыкташтырууну шарттайт.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен аныкталган прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайыкташтыруу жана чыр-чатактарды жана кемчиликтерди жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 21-май