Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө“, „Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, ‚Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө‘ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөттөрүн өзгөрткөнгө багытталган, ал эми «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин, „Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболору өзгөртүлгөн.

Соттордун инфратүзүмү 2020-жылдын 1-январына сот арачылардын катышуусунда иштерди кароого объективдүү даяр болбой турганын эске алып, «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 45-главасынын күчүнө кирүүсүн 2025-жылдын 1-январына которулган.

Кабыл алынган Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

2019-жыл 27-декабрь