Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 14 579,3 млн сом суммасында, чыгашалар боюнча 13 720,5 млн сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 858,8 млн сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2019-жыл 30-декабрь