Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен төмөндѳгү калктуу конуштар айыл категориясына киргизилген:

- КР Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар калктуу конуштары;

- КР Нарын областынын Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу калктуу конушу;

- КР Ош областынын Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир жана Орто-Талаа калктуу конуштары;

- КР Ош областынын Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күңгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей калктуу конуштары;

- КР Чүй областынын Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конушу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы түзүлгѳн айылдардын схемалык карталары бекитилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2020-жыл 23-апрель