Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.
Аталган мыйзамга ылайык, КР Улуттук банкы пайдасын республикалык бюджетке чегерүүнү тѳмѳнкүдѳй тартипте жүзѳгѳ ашырууга тийиш:
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча–жүз пайыз ѳлчѳмүндѳ;
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча–токсон пайыз ѳлчѳмүндѳ.
КР Ѳкмѳтү 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Улуттук банкынын республикалык бюджетке чегерилүүчү пайдасынын 256 527 300 сом ѳлчѳмүндѳгү он пайызын Мамлекеттик бюджеттик резервге жѳнѳтүшү керек.
Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Маалымат катары:
КР “КР Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 34 мыйзамынын 1-беренесинин ченемдерине ылайык, КР Улуттук банкынын республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш болгон пайдасынын өлчөмү жетимиштен токсон пайызга өзгөртүлгөн.
Жогоруда аталган мыйзамдын 2-беренесинин ченемдерине ылайык, ал 2019-жылдын 30-апрелине чейин иштеген, б.а. 2017 жана 2018-жылдардын жыйынтыгы менен Улуттук банктын пайдасын бөлүштүрүүдөн келип чыккан чегерүүлөрдү республикалык бюджетке которууда анын ченемдери колдонулган.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам 2019-жылдын 30-апрелинен тартып күчүн жоготту, демек, Улуттук банктын пайдасын бөлүштүрүүдөн келип чыккан чегерүүлөрдүн республикалык бюджетке которула турган өлчөмү азыркы учурда жетимиш пайызды түзөт.