Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Биоэтанол жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам республикадагы экологиялык жана экономикалык абалды жакшыртуу, отунду импорттого болгон көз карандуулукту төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасында биоэтанолду өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мамлекеттик саясатынын принциптерин жана укуктук негиздерин белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2020-жыл 25-июль