Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга карата каршы пикирге кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, бир катар себептер болгондугуна байланыштуу, макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына каршы пикир билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Каршы пикирге КР Жазык кодексине (ЖК) жана КР Жазык-процесстик кодексине (ЖПК) киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болду.

Тактап айтканда, сунушталган ЖКнын 62-беренесинин 7-бөлүгү менен эгер шектенүү жөнүндө кабарландыруу бериле турган адам аныкталбаган болсо, жазык иши жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өткөндүгү боюнча токтотулат деген ченем каралган.

Мамлекет башчы, сунушталган өзгөртүүлөр сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү учурунда алгачкы текшерүү жана тергөө органдарында коррупциялык көрүнүштөр үчүн тобокелдиктерди жаратарын белгилеп, бул ченемди колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштады.

ЖПКнын жаңы редакцияда берилген 114-беренеси кылмыш жасоого шектүү же айыпкер адамга карата бөгөт коюу чарасы катары күрөөнү колдонуу маселелерин жөнгө салат. Бирок күрөө бөгөт коюу чарасы катары белгиленбеген кылмыштардын тизмеси жана учурлар кызмат адамдары жасаган бардык коррупциялык кылмыштарды камтыбайт.

Коррупциялык кылмыштар жалпысынан коом жана мамлекет үчүн кыйла коркунучту түзө тургандыгын көңүлгө алып, аталган кылмыштарды эске алуу менен бул тизмени кеңейтүүнү сунуш кылды.

Кабыл алынган Мыйзам менен иш боюнча өндүрүштү жаңыртуунун негиздерин, ошондой эле ѳндүрүштү кайра жаңылоонун мөөнөттөрүн караштырган ЖПКнын 442-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту жана 444-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылган.

Президент, жогоруда көрсөтүлгөн түзөтүүлөрдү кабыл алуу мыйзамдарда тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен өзүнүн бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоого болгон ар бир адамдын конституциялык укуктарын, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылуу укугун чектөөгө алып келиши мүмкүн, адам, анын өмүрү, ден соолугу, укугу жана эркиндиги эң жогорку баалуулук болуп саналган демократиялык мамлекетте буга жол берилбеши керек деп эсептейт.

КР Жогорку Кеңешинде каршы пикирди сунуштоо КР Ички иштер министрине жүктөлгөн.

2020-жыл 6-сентябрь