Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чараларга катышты.
Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөгө салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндө театралдаштырылган прологдон башталды.
Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө мекендештерди майрамы менен куттуктап, көз карандысыздык ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт экенин, өлкөдөгү тынчтык жана биримдикти көз карегиндей сактоо керектигин белгиледи.
Иш-чара концерттик программа менен аяктады.