Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Акыркы 2 жылда айыл чарба продукцияларынын географиясы кеңейди 

«Акыркы 2 жылда айыл чарба продукцияларынын географиясы кеңейди», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй областынын Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы мисал катары Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар ж. б. мамлекеттерге продукция чыга баштаганын айтты.  Кытай Эл Республикасына экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы  бекитилгенин, аны ишке ашыруунун натыйжасында Кытайга болгон айыл чарба азыктарынын экспорту өткөн жылы 23,7 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.                                                                                

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы кабыл алынган.  Аталган программага ылайык, кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.                                                                                                                     «Мунун баары айыл чарба продукцияларынын экспортунун 32,4%га, же 54 млн долларга өсүшүнө алып келди», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2020-жыл 6-февраль