Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж — Бишкек шаарындагы «Ынтымак» паркынын ачылышы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парктын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы шаардыктарды борбордун жашоосундагы маанилүү окуясы менен куттуктап, Бишкекке жашыл шаар наамы кайтарылып берилерин белгиледи. Ал жаңы паркка «Ынтымак» деген аталышты сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бак отургузуп, жаңы парктын территориясын көрүп чыгып, шаардыктар жана балдар менен баарлашты жана сүрөткө түштү.

Эске салсак, 10 гектар аянтты ээлеген парктын курулушуна 2019-жылдын апрель айында капсула салынган.

2019-жыл 30-август