Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат  

«Мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат. Бизнестин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок. Ишкерлер мунун негизги себеби катары — инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу катышуучулар!

Бүгүн биз Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынын өткөрүп жатабыз.

Биринчиден Комитеттин курамында болгон өзгөрүүлөрдү айтып, жаңы мүчөлөр менен тааныштырып кетсем.

Менин Жарлыгыма ылайык, Комитеттин Төрагасынын орун басары болуп, вице-премьер-министр Эркин Шамшудинович Асрандиев бекитилди, мурун бул орунда Боронов Кубатбек Айылчиевич эле.

Бизнес-Акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Робин Орд-Смит мырза Комитеттин мүчөлүгүн толуктады.

Ал эми Пономарев Сергей Васильевич, Бизнес-акыйкатчынын орун басары болуп шайланганына байланыштуу Комитеттин курманынан чыгарылды.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин өзгөрүүлөрүнө байланыштуу Ажыкулов Темир мырзанын ордуна Пакыров Фархад мырза бекиди.

Бүгүн күн тартибине үч маселе коюлду.

Биринчи — Инвестицияларды коргоо жана ишкердиктин субъектилеринин укугун камсыздоонун абалы жөнүндө.

Докладчы: Сыдыков Аскар Куттубекович — Комитеттин төрагасынын орун басары.

Экинчи маселе — Экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруунун укуктук аспектилери жөнүндө.

Докладчы: Арзыматов Сыргак Жумадилович — Кыргызстандын юристтеринин ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү.

Үчүнчү маселе — Ишкердикти коргоо тууралуу мыйзамдарын укук коргоо органдары тарабынан аткарылышы жөнүндө.

Докладчы: Жамшитов Өткүрбек Асилбекович — Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурору.

Урматтуу Комитеттин мүчөлөрү!

Өткөн жыйында жеңил өнөр жайын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жөнүндөгү маселелерди талкуулаганбыз.

Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга сунуштарды бергенбиз.

Ошондой эле бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну макулдашканбыз.

Аны менен катар, Комитеттин мүчөлөрүнө региондордо бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү тапшырмасы берилген.

Комитеттин төрагасынын орун басары — Сыдыков Аскар Куттубекович жана катчылыктын өкүлдөрү региондорго барып, ишкерлер менен жеринде пикир алышып келишти.

Жолугушууларда негизиги курч проблемалардын бири катары — укук коргоо жана текшерүүчү органдары тарабынан бизнести негизсиз текшерүү жана алардын ишин токтотуу белгиленген.

Бүгүнкү жыйындын күн тартиби дал ушул маселелердин тегерегинде талкуу жүргүзүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу зарылдыгы менен шартталды.

Урматтуу катышуучулар!

Региондорду өнүктүрүү — бул жылы да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калат.

Өткөн жылдары элет жериндеги ишкердикти колдоо боюнча бир катар иштер жасалды.

Салык жагында сезилээрлик жеңилдиктер берилди.

Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды.

Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду.

Айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн бошотулду (кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктар).

Жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылды.

Ар бир кызматкер мурда орточо эсеп менен 1500 сом төлөсө, эми орточо алганда 400 сомдон төлөшөт.

Ушул эле ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин азайтылды.

Административдик жолтоолорду азайтуу багытында бир катар иштер аткарылды.

2021-жылдын январь айына чейин ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылга убактылуу тыюу салынды.

Ыктыярдуу негизде электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди.

Айрым товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн лицензия берүүнү автоматташтыруу аяктады.

Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлдү.

Бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жаткан 14 өткөрмө пунктунун негизги товар өтүп турган 9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тейлөө жайына онлайн байкоо системасы киргизилди.

Жалпысынан 506 видеокамера коюлду, анын ичинен 13 видеокамера „Түндүк“ системасына интеграцияланды.

Каалаган жаран бажыдагы ишкерлерди тейлөө процессине интернет аркылуу байкоо жүргүзө алат.

Алты өткөрүү пункттарында автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси (сканер) ишке киргизилди.

Аталган комплекс киргенге чейин текшерүү 2 сааттан тартып бир нече күнгө чейин убакытты алчу, азыр 5-10 минут убакытты алат.

Бажыга товарларды киргизүүдө бажы органдарын алдын ала маалымдоо системасы киргизилди. Буга чейин бир унааны бажылык тейлөө процесси 3-5 саатка чейин жетсе, бүгүн 10-15 минутту түзүүдө.

Бажы төлөмдөрүн онлайн тастыктоо системасы киргизилди. Натыйжада, төлөмдү тастыктоо зарылдыгы жокко чыгарылды. Буга чейин банк менен бажынын ортосунда ишкер 1-2 күн кетирчү, эми андай зарылдык жок.

Стабилдештирүү режимин колдонуу тууралуу инвестор менен биринчи келишимге кол коюлду („Чаарат“ компаниясы менен Экономика министрлигинин ортосунда).

Ага ылайык, салык мыйзамдары өзгөргөн убакта инвесторго ыңгайлуу болгон шарттар 10 жылга чейин сакталат.

Ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында Бизнес-акыйкатчы институту киргизилди.

Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү күчөтүү максатында „Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк борбору“ түзүлдү.

»Ачык асман« режимин киргизүү туралуу чечим кабыл алынды.

Визасыз режим кошумча 7 өлкөгө киргизилип, алардын жалпы саны 68ге жетти.

Кызмат көрсөтүүдө адам факторун жоюу максатында санарип технологиялар киргизилүүдө.

Электрондук төлөмдөр жана мобилдик банкинг системалары иштей баштады.

Электрондук патент, электрондук эсеп-фактуралары жана электрондук салык отчеттуулугу боюнча долбоорлор иштей баштады.

Былтыр 191 мамлекеттик кызматтар жана сервистер электрондук форматка өттү.

Бардык мамлекеттик органдар „Түндүк“ системасына кошулду.

Акыйкат жана калыс сот адилеттигин орнотуу максатында сот-укуктук реформа жүрүүдө.

Өлкөдөгү реформалардын ичинен жогоруда белгиленгендери — инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн түздөн-түз таасир эткен реформалар.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат.

Бизнестин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок.

Ишкерлер мунун негизги себеби катары — инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда.

Бизнес ассоциациялары жана ишкерлер тарабынан келип түшкөн даттануулардын негизги мазмуну төмөнкүдөй:

Негизинен алар укук коргоо жана мамлекеттик текшерүүчү органдар тарабынан жасалган басымдын азайбаганын айтышат.

Коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылып, укук коргоо органдары кээде аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратканы да айтылууда.

Кээ бир учурда негизсиз оор чараларды колдонуп, ишкерлерди камакка алып жаткандыгы тууралуу кооптонуулар, кайрылуулар түшүп жатат.

»Көмүскөдө иштеп жаткан бизнести легалдаштыруунун ордуна — фискалдык органдар ак ниет иштеп жаткан ишкерлерди негизсиз текшерип, айып пулдарды салып, аванс төлөмдөрүн талап кылууда«, деген да даттануулар бар.

Мындан тышкары, соттук процесстерде ишкерлер жана инвесторлордун укугу толук кандуу корголбой жатканын айтышууда.

Ишкерлер „бул көйгөйлөр ар кандай аянтчаларда айтылганы менен, бизнестин үнү мамлекеттик органдарга жетпей жатат, маселе ошол бойдон калууда“ деп жатышат.

Ошондуктан, бүгүн бардык тараптын — Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын жана бизнестин катышуусу менен Комитеттин ушул жыйынын өткөрүп жатабыз. Ушул маселелерди баарыбыз чогуу талкуулайлы.

Бардыгыңарды ачык талкууга жана тиешелүү чечимдерди сунуштоого чакырам.

Урматтуу катышуучулар!

Жогорудагы маселелерге байланыштуу өз көз карашымды билдире кетейин.

Ишкерлердин даттанууларында көрсөтүлгөн көйгөйлөрдүн баары тең төмөнкү системалуу маселер чечилгенде өзүнөн өзү жоюлат.

Бул иштер — бийлик органдары үчүн күн тартибиндеги курч маселе катары бааланышы керек.

Биринчиден — бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда дагы деле бир багыттагы аракет болбой, чаржайыттуулук байкалууда.

Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, инвестиция тартууда өзүнүн ролун толук сезбей, байкоочунун позициясын ээлеп калган учурлар болууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен тыгыз иштебегендиктен, түшүндүрүү иштери жетишээрлик деңгээлде жүрбөгөндүктөн, ошол аймактын өнүгүүсүнө зарыл болгон инвестициялык долбоорлор үзгүлтүккө учурап калган учурлар бар.

Силер тараптан инвесторлорду тартуу жана аларга шарт түзүп берүү талап кылынат.

Ошондуктан, Өкмөт жергиликтүү бийлик органдарынын ишине баа берүүдө, ишкерлер жана жергиликтүү жамаат менен активдүү иштөө көрсөткүчүн дагы эске алышы керек деп эсептейм.

Прокуратуранын ролу да өтө маанилүү.

Прокуратурага текшерүү үчүн уруксат берүү функциясы жөн жерден кайтарылып берилген эмес.

Прокуратура мыйзамдарды толук сактоону камсыздоо гана эмес, тигил же бул текшерүүлөрдүн негиздүүлүгүн да баалап турат деген үмүт болгон.

Тилекке каршы, бул иш формалдуу түрдө уруксат берүү менен гана чектелип калган.

Инвесторлорду жана ишкердикти колдоого багытталган мыйзамдардагы жаңы нормалар толук кандуу жана өз убагында колдонулуп, иштебей жатат.

Мыйзамда жазылган жеңилдиктерди жана гарантияларды иш жүзүндө инвесторлор жана ишкерлер өздөрү да колдоно албай жатат.

Ишкерлер жана ишкерлердин ассоциациялары дагы өз укуктарын коргоо потенциалын жогорулатышы зарыл.

Экинчиден — экономиканы тейлеген мамлекеттик органдардагы кемчиликтер жөнүндө.

Бажы тармагында импорттолгон товарлардын учетун жүргүзүү жана бажы төлөмдөрүн толугу менен төлөө маселесинде ачыктыкты камсыздай албай жатабыз.

Салык боюнча айтсак, ЕврАзЭС өлкөлөрүнөн импорттолгон товарлардан түшкөн салыктар кескин кыскарып кеткен.

Мындан тышкары ички базарда өндүрүлгөн акциздик товарлардан акциз салыгын чогултуу дагы азайган.

Мамлекеттик текшерүүчү органдардагы коррупцияны демонтаждоого багытталган пландардын аткарылышын күчөтүү зарыл.

Мисалы, Мамлекеттик экотехинспекцияда, Курулуш агенттигинде жана башка бизнеске уруксат берген органдарда бул ишти ыкчам жүргүзүү керек.

Экономика министрлиги — ишкердикти өнүктүрүү тармагында реформалардын флагманы болбой калды.

Мурда Экономика министрлиги ишкердиктин өнүгүүсүнө тоскоол болгон нормаларды өз учурунда жок кылуу боюнча иш алып барчу, азыр ал практика жок.

Натыйжада — бизнестин маселелери чечилбегендиктен, ишкерлер башка органдарга түзмө-түз кайрылууга аргасыз болгонун көрүп жатабыз.

Ушул Комитет түзүлгөндөн бери, министрликтер же Өкмөткө гана эмес, менин дарегиме түшкөн даттануулар көбөйдү.

Үчүнчүдөн — бюрократиялык тоскоолдуктар жөнүндө.

Узак жана татаал макулдашуу процедуралары — ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылууда.

Мисалы, инвестициялык долбоорду ишке киргизүүгө талап кылынган мөөнөт орточо 3-4 жылды түзүүдө.

Салык отчеттуулугу татаалдашканына жана соттогу узакка созулган салык чырларына байланыштуу Кыргызстан 2017-жылы Дуинг бизнес рейтингинде 138-орунда болчу.

Акыркы эки жылдын ичинде санарип технологияларды киргизүүнүн натыйжасында көрсөткүч жакшырды — бул рейтингде 117-орунга көтөрүлдүк.

Бирок 117-орун — мактанаарлык позиция эмес экендигин баарыңар билесиңер.

Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Мисалы 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды өткөрүү керек.

12 ар кандай экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынууда.

Жыйынтыгында долбоорлоо стадиясына гана бир жылдан ашуун убакыт кетүүдө.

Ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткен.

Төрт эле жылда 70 позицияга ылдыйлап кеттик.

Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек.

Мамлекеттик органдар менен адамдын байланышын максималдуу жокко чыгаруу зарыл.

Азыр мамлекеттик кызматтарды санариптик форматка өткөрүүдө чоң жетишкендиктер бар.

Бирок, аткарыла турган милдеттер дагы эле арбын.

Бүгүнкү талкуунун негизинде укук коргоо, текшерүүчү органдарынын жана сот системасынын санариптик технологияларды киргизүү боюнча тездетилген жумушун күтөбүз.

Мына ушул жана башка көйгөйлүү маселелерди бүгүнкү отурумда карайбыз».

2020-жыл 12-февраль