Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Москва шаарында кампадан чыккан өрттөн курман болушкан кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
Мамлекет башчысы курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүүнү буюруду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл болгон бардык жардамдарды жана колдоо көрсөтүүнү тапшырды.