Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

АКШ Президенти Барак Обама Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин 60 жылдык туулган күнүӊүздүн урматына бүткүл Америка элинин атынан  эң жылуу каалоо-тилектеримди жана куттуктоомду кабыл алыңыз. Мен бүт элиӊизди өнүктүрүп жана гүлдөтүү менен артыӊызга бекем демократиялык мурас калтыруу аракетиӊизди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын демократиялык жетишкендиктерин бекемдөө боюнча кадамдарыӊызды баалайм. Борбор Азиядагы сиздердин демократиялык лидерлик ордуңуздар аны ырастайт. Соңку 25 жылда Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы тереӊ жана түбөлүк шериктештикке негиз салды жана мындан ары өсүү жолунда болот деп ишенем” , - деп айтылат куттуктоодо.

2016-жыл 17-сентябрь