Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-сентябрда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди юбилейи – 60 жашка толушу менен чын жүрөктөн куттуктады.  Ошондой эле Азербайжан Президенти бүгүн бир тууган Кыргызстан мамлекеттүүктү чыңдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатканын белгиледи.

«Сиз Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы достуктун жана өз ара аракеттенүүнүн кылымдардан берки салттарын өнүктүрүүгө жана байытууга бараандуу салым коштуңуз. Биздин биргелешкен аракеттерибиз мындан ары да ушул каадалуу салттарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө, элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн өз ара тыгыз аракеттешүүгө багытталарына ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжан Республикасынын жетекчиси Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, бакыт жана Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

2016-жыл 17-сентябрь