Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 2016-жыл 17-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Тажикстан башчысы Президент Алмазбек Атамбаевге узак жана бактылуу өмүр, чың ден соолук, бакубатчылык жана саясый ишмердигине ийгиликтерди каалады.

«Кыргыз элинин гүлдөп өсүшүнө, коом ичинде туруктуулукту жана ынтымакты чыӊдоого багытталган Сиздин активдүү жана чаалыкпас эмгегиңиз уул катары өз өлкөңүзгө берилип кызмат кылуунун ачык үлгүсү болуп саналат», - деп айтылат куттуктоодо.

Эмомали Рахмон Тажикстан менен Кыргызстанды тамыры тереӊ тарыхка кеткен достук жана коӊшулук  мамилелер байланыштырып турганын белгиледи.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул жагымдуу платформага таянуу менен биз мындан ары да тажик-кыргыз кызматташтыгынын бүт комплексин биздин элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык алга жылдырабыз деген үмүтүмдү билдирем», - деп айтылат куттуктоо текстинде.

2016-жыл 17-сентябрь