Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 2016-жыл 17-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Түркмөнстан башчысы Президент Алмазбек Атамбаевге чыӊ ден соолук, бакыт, кыргыз элине кызмат кылуу ишине жаӊы ийгиликтерди, ошондой эле үй-бүлөлүк бакубатчылык жана узак, жемиштүү өмүр, кыргыз элининин гүлдөп өсүшү деген ой-тилектерине жетиш үчүн түгөнгүс күч-кубат каалады.

«Сиздин баарын салмактаган позицияңыз жана биздин өлкөлөр арасында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеӊейтүүгө багытталган жакшы шериктештик мамилелерди түзүү боюнча аракеттериӊиз  үчүн ыраазылык билдирем.

Биз өз ара урматташууга, көп кылымдык достукка жана жакшы коӊшулуктун мыкты салттарына негизделген кыргыз-түркмөн диалогунун азыркы деңгээлин жогору баалайбыз жана биздин өлкөлөр ортосунда эки тараптуу да, эл аралык деӊгээлдеги кызматташыгын мындан ары өнүктүрөбүз деп бекем ишенебиз», - деп айтылат куттуктоо текстинде.

2016-жыл 17-сентябрь