Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Адана шаарында өрттө балдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көӊүл айтты.
«Быйылкы жылдын 30-ноябрында Адана провинциясында окуучулардын өлүмүнө алып келген каргаша окуялар жөнүндө кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым», - деп айтылат телеграммада.
Мамлекет башчысы курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына колдоо жана көӊүл айтып, ал эми жабыр тарткандардын тезирек сакайып кетишин каалоосун билдирди.